Алай шайлоо округунан ким биринчи келе жатат. АСУнун алдын ала эсеби

Бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана алдын ала жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен эсептейт. Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин маалым болот.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. БШКнын Жогорку Кеңешке шайлоодо бир мандаттуу округдан АСУ эсептеген жыйынтыктын негизинде №12 Алай шайлоо округу боюнча 78.10 пайыз алып азырынча Улан Примов алдыда келе жатат.
Бул аймактан 5 талапкер аттанган. Алай шайлоо округундагы шайлоочулардын жалпы саны 114 940 миңден ашат.
Алай, Чоң-Алай жана Кара-Кулжа райондору бириктирилип бир округ түзүлгөн.
Белгилей кетсек, бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен эсептейт. Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин маалым болот.
Маалымат бир аздан кийин толукталат.