Радио

Иманбаева: үрөн селекциясында жапайы өсүмдүктөрдүн келечеги кең

Айыл чарба министрлигинин айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин башкы агроном-биологу Бермет Иманбаева селекциялоодо жапайы өсүмдүктөрдүн мааниси тууралуу айтып берди.
Sputnik
Үрөн селекциясында жапайы өсүмдүктөрдүн келечеги кең. Анткени алар өлкөдөгү климатка ыңгайлуу, ооруларга каршы туруктуу болушат. Бул тууралуу Бермет Иманбаева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөнүн био-түрдүүлүгүн изилдөө үчүн чет мамлекеттерден экспедициялар келип турат.
"Генетикалык банкта айыл чарба өсүмдүктөрү менен бирге алардын жапайы түрлөрү дагы сакталат. Анткени жапайы түрү селекциялоодо маданий өсүмдүктүн жакын түрү болуп саналат. Кыйыштырганда жапайы түрүнүн гени дал келип жакшы сортторду чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле жапайы түрлөрү өлкөдөгү климатка ыңгайлуу, ооруларга каршы туруктуу болушат. Үрөн селекциясында булардын келечеги кең. Селекцияны өнүктүрүү, өлкөнүн пайдасына колдонуу үчүн өсүмдүктөрдүн жапайы түрлөрү эң чоң байлык болуп эсептелет. Анын үстүнө Кыргызстанда маданий өсүмдүктөрдүн жапайы түрлөрү абдан көп. Ошондуктан башка мамлекеттерден экспедициялар келип, изилдешет. Себеби алар өздөрүнүкүн жоготуп алышкан", — деди Иманбаева.
Ошондой эле ал өлкөнүн климаты ар кандай өсүмдүктөрдүн түрлөрүнө ыңгайлуу экенин кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз: