Шайлдабекова Жапаровго добуш берүүнүн жол-жобосун көрсөттү. Сүрөттөр

БШК төрайымы шайлоо бюллетендеринин үлгүлөрүн жана добуш берүүнүн жол-жобосун, анын ичинде шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоонун шарттарын түшүндүрүп берди.
Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоого даярдыкты көрүү үчүн Бишкектеги шайлоо округдарынын бирине барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдирди.
1 / 4
Президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоого даярдыкты көрүү үчүн Бишкектеги шайлоо округдарынын бирине барды
2 / 4
Жапаров менен ал жерге БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен шаар мэри Айбек Жунушалиев дагы баш бакты
3 / 4
Ошондой эле БШК жетекчиси ар бир шайлоо тилкесинде бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайланган саясий партиялар жана бир мандаттуу округдар боюнча шайланган талапкерлер тууралуу маалыматтар кеңири берилип жатканын кошумчалады
4 / 4
Эске салсак, эртең, 28-ноябрда, кыргызстандыктар парламенттин депутаттарын шайлайт
Жапаров менен ал жерге БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана шаар мэри Айбек Жунушалиев дагы баш бакты.
"Шайлдабекова шайлоо бюллетендеринин үлгүлөрүн жана добуш берүүнүн жол-жобосун, анын ичинде шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоонун, добуш берүүнүн жана бюллетендерди автоматтык эсептөөчү урналарга салуу шарттарын көрсөтүп берди", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле БШК жетекчиси ар бир шайлоо тилкесинде бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайланган саясий партиялар жана бир мандаттуу округдар боюнча шайланган талапкерлер тууралуу маалыматтар кеңири берилип жатканын кошумчалады.
Эске салсак, эртең, 28-ноябрда, кыргызстандыктар парламенттин депутаттарын шайлайт.