Рыскелди Момбековдун талапкерлик укугун сот кайтарып берди

Үч күн мурда БШК талапкер дипломун мыйзамдуу жол менен алганын далилдей алган жок деп каттоодон чыгарууну сунуштап, андан соң чечим кабыл алган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Бишкек калаасынын административдик соту Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого "Социал-демократтар" партиясы менен катышып жаткан Рыскелди Момбековду жарыштан четтеткен чечимин мыйзамсыз деп тапты.
Аталган соттун маалымат кызматы Момбековдун арызы канааттандырылгандыгын, ал эми БШКнын 24-ноябрдагы чечими жокко чыгарылгандыгын билдирди.
Административдик соттун чечими күчүнө кирди. БШК эми аны үч календарлык күндө Жогорку сотко арыздана алат.
Депутаттыкка талапкер Камчыбек Жолдошбаев жарыштан четтетилди
Эске салсак, БШКнын жумушчу тобу талапкер дипломун мыйзамдуу жол менен алганын далилдей албаганына байланыштуу аны каттоодон чыгарууну сунуштап, андан соң чечим кабыл алган. Натыйжада БШКнын 10 мүчөсүнүн макулдугу менен Момбеков шайлоого катышуу укугунан ажыратылган.
Белгилей кетсек, УКМК БШКга Рыскелди Момбеков Кыргыз улуттук университетинде "юриспруденция" адистигин окуганы тууралуу дипломун мыйзамсыз алганын кабарлаган. Ал документтин негизинде Дипломатиялык академиядан "эл аралык мамилелер" адистигин сырттан окуп, экинчи дипломун алган.