Кыргызстандын кээ бир жерлеринде жарандар добуш бере баштады

Мөөнөтүнөн мурда, бир күн эрте добуш берүү боюнча Кыргызстандын шайлоо боюнча мыйзамында белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кандайдыр бир себептер менен эртең, 28-ноябрда, парламенттик шайлоодо добуш берүү участкасына бара албаган жарандар өзү жашаган жеринде добуш берип жатат.
1 / 5
Кандайдыр бир себептер менен эртең, 28-ноябрда, парламенттик шайлоодо добуш берүү участкасына бара албаган жарандар өзү жашаган жеринде добуш берип жатат
2 / 5
Борбордук шайлоо комиссиясынан добуш берүүчү жайлардан сырткаркы жерлерде жарандар бүгүн жарандык милдетин аткарып, тандоо жасай баштагандыгын кабарлады
3 / 5
Мөөнөтүнөн мурда, бир күн эрте добуш берүү боюнча шайлоо мыйзамда айтылган
4 / 5
Бүгүнкү процесстер санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук боюнча бардык эрежелер сакталып жаткандыгын кошумчалашты
5 / 5
Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Анда 21 партия, бир мандаттуу округдан 287 талапкер ат салышат.
Борбордук шайлоо комиссиясынан добуш берүүчү жайлардан сырткаркы жерлерде жарандар бүгүн жарандык милдетин аткарып, тандоо жасай баштагандыгын кабарлады.
"Жогорку Кеңештин бирдиктүү округ боюнча шайлоосуна добуш берүүчү имараттан сырткары добушун берүү максатында 13 396 жарандан арыз түшкөн. Ал эми бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добушун берүү үчүн 12 785 кыргызстандык кайрылган", — деп айтылган маалыматта.
Мөөнөтүнөн мурда, бир күн эрте добуш берүү боюнча шайлоо мыйзамда айтылган.
Аларга төмөнкүлөр кирет:
Бүгүнкү процессте санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук боюнча бардык эрежелер сакталып жаткандыгын кошумчалады.
Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Анда 21 партия, бир мандаттуу округдан 287 талапкер ат салышат.