Шайлоого байкоо салчу КМШ өлкөлөрүнүн депутаттары ишин баштады

28-ноябрь күнү Кыргызстанда аралаш система менен парламенттик шайлоо өткөрүлөт. Кыргызстандыктар 54 депутатты партиялык тизме, 36сын бир мандаттуу округ аркылуу шайлайт. Элдин добушун алуу үчүн 21 партия, 287 талапкер жарышка чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) Өзбекстан Олий Мажлис Сенатынын депутаты Кутбидин Бурханов башында турган байкоочулар тобунун парламенттик шайлоого мониторинг жүргүзүү иштерин баштады.
1 / 2
Бүгүн Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) Өзбекстан Олий Мажлис Сенатынын депутаты Кутбидин Бурханов башында турган байкоочулар тобунун парламенттик шайлоого мониторинг жүргүзүү иштерин баштады
2 / 2
Мониторингдин алкагында талапкерлигин коюп жаткан саясий партиялардын лидерлери менен жолугушуулар болуп өттү
Мониторингдин алкагында талапкерлигин коюп жаткан саясий партиялардын лидерлери менен жолугушуулар болуп өттү.
Маектешүү учурунда ар бир лидер шайлоо, үгүт иштери, программасы боюнча байкоочулар менен пикир алышты.
Жогорку Кеңеш шайлоосунун жыйынтыгы качан даяр болот
Делегациянын курамына Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан парламентинин депутаттары кирген. Ошондой эле ассамблея кеңешинин катчылыгынын өкүлдөрү, Жарандардын шайлоо укуктарын сактоону, парламентаризмди, демократияны өнүктүрүү эл аралык мониторинг институтунун эксперттери да бар. Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын каттоосунан жалпы 75 байкоочу өткөн. Алар Жогорку Кеңештин төрагасы тарабынан чакырылган.
Эске салсак, эртең, 28-ноябрь күнү, Кыргызстанда аралаш система менен парламенттик шайлоо өткөрүлөт. Кыргызстандыктар 54 депутатты партиялык тизме, 36сын бир мандаттуу округ аркылуу шайлайт. Элдин добушун алуу үчүн 21 партия, 287 талапкер жарышка чыккан.