Кыргызстандын климатын изилдеген Марк Зебиш: мөңгүлөр бир чакырымга кыскарган

Италиялык окумуштуу Марк Зебиш өзүнүн кесиптештери менен Кыргызстанды кыдырып, климаттын өзгөрүшү боюнча изилдөө жүргүздү. Алар жергиликтүү тургундар менен жолугуп, илимий ишинде өлкөнүн кокту-колотторун аралаган.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Eurac Research илимий изилдөө борборунун Жер планетасына байкоо жүргүзүү институтунун жетекчиси, геоэкология илимдеринин доктору менен маек курду.
— Сиздер Кыргызстанга келип климаттын өзгөрүшүн изилдеп жаткан экенсиздер. Алгачкы жыйынтыктар менен бөлүшө кетсеңиз?
— Менин изилдөөм "Климаттын өзгөрүшүнүн тоолуу аймактарга тийгизген таасири" деп аталат. Мен жашаган, иштеген институтум тоолуу аймакка жакын. Жумушта климаттын өзгөрүшү боюнча маалыматтарды топтойбуз, спутниктен алынган сүрөттөрдү изилдеп, компьютердик моделдердин негизинде анализ кылабыз. Климаттын өзгөрүүсүнүн айлана-чөйрөгө тийгизип жаткан таасирин толук билүү үчүн аймактарды, өлкөлөрдү кыдырып, жеринен изилдөөлөрүбүздү ишеничтүү жасай алабыз. Анткени спутниктен алынган сүрөттөр менен эле изилдөө жүргүзүү жетишсиз болуп калат. Алгачкы жыйынтыктар жөнүндө сөз кылсам, акыркы жылдары Кыргызстандагы абанын температурасы 1,5 градуска жогорулап жатканын байкадык. XXI кылымдын аягына чейин ал көрсөткүч дагы эки-үч градуска көтөрүлөт деген божомол бар. Андан сырткары, спутниктен алынган сүрөттөрдү анализдесек, Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты азайып баратат. Мисалы, 1990-жылдары тартылган сүрөт менен азыркы учурду салыштырсак, мөңгүлөрдүн аянты бир чакырымга кыскарган. Аны жер-жерлерге барганда малчылар, жашоочулар чынында эле дарыялардагы суунун көлөмү да азайып кеткенин айтышууда.
Зебиш: спутниктен тартылган сүрөттөрдөн учурда Кыргызстанда кар азыраак жаап жатканын байкоого болот
— Мындай жыйынтык көпчүлүк кыргызстандыктарды тынчсыздандырат. Мөңгүлөрдүн аянтынын азайышына эмне түрткү болууда?
— Мен Кыргызстанга биринчи жолу келдим. Биздин команданын курамына төрт адис кирет. Алардын ичинде мен жетекчиси, экинчибиз социалдык-экономикалык суроолорду сурамжылоого даярдаган. Анан метеоролог жана картограф бар. Бул жакка келгенде кыргызстандыктар үчүн мөңгүлөр чоң роль ойной турганын көрдүм. Анын эриши менен июль, август айында суу көбөйөт экен. Биз компьютердик анализдин негизинде чыккан маалыматтарды кыргызстандыктар да тастыктап жатат. Алар да мөңгүлөрдүн аянты азайып жатканын, кышкысын кар аз түшүп калганын айтышууда. Спутниктен тартылган сүрөттөрдөн учурда Кыргызстанда азыраак кар жаап жатканын байкоого болот. Негизи кар эки маанилүү факторду ойнойт. Биринчиден, жазга жуук жааган кар дарыядагы суунун көлөмүнө жакшы таасир этет. Анын жардамы менен жергиликтүүлөр малга жем-чөп, тоют даярдап сугатка колдонот. Кардын аз жаашы тоютка, мал-жанга, түшүмгө терс таасирин тийгизбей койбойт. Экинчиден, жайыттар үчүн кар чоң мааниге ээ. Эгер кар калың түшсө жайлоодо чөп бийик, чөп-чар кенен чыгат. Мөңгүлөрдүн аянтынын азайышынын эң негизги себеби, жер планетасында көмүр кычкылтектин көп болушу жана абанын температурасынын жогорулашы.
Зебиш: мөңгүлөрдүн аянтынын азайышынын эң негизги себеби жер планетасында көмүр кычкылтек көп болушу жана абанын температурасынын жогорулашы
— Эл менен жолугуп жатканда климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдүн азайышы боюнча маалыматтарды укканда кандай кабыл алып жатышты?
— Жаратылышыңар аябай кооз экен. Жергиликтүү эл менен баарлашуу аябай жакты, эл аябай ачык, меймандос экен. Жергиликтүүлөрдүн көпчүлүгү биздин анализдин жыйынтыгын укканда кабатыр болушту. Алар мындай жыйынтык адамдардын иш-аракеттеринен чыгып жатканын билишпегендигин айтып, кайра өзү эле калыбына келет деп ойлошот. Биз барган аймактарда быйыл аябай кургакчыл болуп, эл анын кесепетин катуу тартыптыр. Кыргызстандыктар андай кыйынчылыктарга даяр эмес экен. Анан көпчүлүк тургундар климаттык өзгөрүү бара-бара өз калыбына келет деп ойлошот. Бирок биз климат мындан да начарлайт деп айтсак, абдан бушайман болушту.
— Климаттын өзгөрүшүн токтотуу же жайлатуу боюнча кыргызстандыктарга, бийлик өкүлдөрүнө кандай сунуш бересиздер?
— Биз Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрө боюнча программасынын "Жоголуп бара жаткан байлыктар" долбоорунун алкагында Кыргызстан менен Тажикстандын тоолуу аймактарын кыдырдык. Тоолуу аймактагы жашоочуларга жолугуп ак илбирс байырлаган жерлерге жакын жайгашкан калктуу конуштарга чейин жеттик. Ага Бишкектеги "Илбирс" коомдук фонду кол кабыш кылды. Ошонун негизинде климаттын өзгөрүшү элге жана жаратылышка тийгизген таасири анализденди. Жер-жерлерге барып элге климаттын өзгөрүшү боюнча маалымат берип, алар менен учурдагы көйгөйлөрдү чогуу талкууладык.
1 / 3
Мөңгүлөрдүн аянтынын азайышынын эң негизги себеби жер планетасында көмүр кычкылтектин көп болушу жана абанын температурасынын жогорулашы
2 / 3
Мөңгүлөрдүн аянтынын азайышынын эң негизги себеби жер планетасында көмүр кычкылтектин көп болушу жана абанын температурасынын жогорулашы
3 / 3
Мөңгүлөрдүн аянтынын азайышынын эң негизги себеби жер планетасында көмүр кычкылтектин көп болушу жана абанын температурасынын жогорулашы
— Дүйнө жүзү боюнча климат өзгөрүүдө. Анын аркасы менен Кыргызстанда башка көйгөйлөр да жаралат да?
— Ооба. Абанын температурасынын көтөрүлүшү, мөңгүлөрдүн азайышы акыркы жылдары Кыргызстанда же Борбор Азияда гана эмес, глобалдуу маселеге айланды. Жергиликтүү тургундар деле бизге суу жетишсиз болуп жатат, эмне кылабыз дешти. Ошондуктан Кыргызстан ирригация системасын жакшыртып, тамчылатып сугарууну жолго салышы керек. Мамлекет да ага көңүл буруп, маселенин чечүү жолдорун издегени жакшы. Биздин топ тарабынан элдин климаттын өзгөрүүсүнө ылайыктап, адаптация болуусу үчүн сунуштарды берип, маселени чечүү үчүн каржылык колдоо көргөзүү. Ошол эле маалда тургундар менен жапайы жаныбарлардын ортосундагы конфликттерди кыскартуу милдети жүктөлгөн.
— Кыргызстан Борбор Азия чөлкөмүндө суу башында турган мамлекеттердин бири болуп саналат. Жогорудагы көйгөйлөрдүн кесепети коңшуларга таасир этет да?
— Башка өлкөлөргө тийген кесепети чоң болушу мүмкүн. Мисалы, Өзбекстанда сугат жерлери арбын, аларга суу керек. Эгер аларга суу жетпей калса, ал өлкөдө абал начарлайт. Ошондуктан анын кесепетинен жапа чекпөө үчүн аракеттерди азыртадан башташ керек. Убакыт өтүп кетсе ага көп акча, күч-аракет талап кылынат. Себеби ал жакта да ирригациялык каналдары начар абалда. Бул көйгөй азыр дүйнөнүн көптөгөн тоолуу аймактарында бар.
Зебиш: Кыргызстан ирригация системасын жакшыртып, тамчылатып сугарууну жолго салышы керек
— Долбооруңуздар дагы канчага уланат жана илимий изилдөөңүздөр жарыяланабы?
— Долбоор дагы бир жылга уланат. Биз буга чейин изилдөө менен алектенсек, эми элге, коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, сунуштарды беребиз. Кийинки бир жылдын ичинде "Илбирс" коомдук фонду башка иш-аракеттерди жасайт. Биздин ишибиздин негизги бөлүгү климатты изилдеп, анализ кылып маалымат берүү болгон. Эми мындан аркы ишти Кыргызстандагы башка өнөктөштөрүбүз жүргүзөт. Изилдөөбүздүн жыйынтыгы илимий материал болуп сөзсүз жарыяланат.