БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада 67 адамдан коронавирус табылып, үч бейтап оорудан көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
91 адам ооруну жеңип, айыгып кеткен.
Жуктургандар:
"Коронавирус үч адамдын өмүрүн алып кетти. Алардын COVID-19га каршы эмдөө албаганы аныкталды", — деп айтылат штаб тараткан маалыматта.
Жалпысынан пандемиядан тарта өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 183 207 болду. Анын ичинен 177 960 киши айыгып кеткен.
Пандемия башталгандан бери илдеттен 2 740 адам каза тапты.
Бүгүнкү күндө республика боюнча ооруканада 418 бейтап болсо, 552 адам амбулатордук шартта дарыланып жатат.