Радио

Курманова: кыздар үчүн спорттук баяндамачы болуу оор

КТРК Спорт телеканалынын баяндамачысы, алып баруучу Адинай Курманова коомдо кыздар спортту түшүнбөйт деген ой калыптанып калгандыгын айтты.
Sputnik
Кыздарга эмоционалдуу спорттун түрүн баяндоо кыйын. Ошол себептен аялдар ритми жай спортто көбүрөөк кезигет. Мындай пикирин Адинай Курманова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, спорттук комментаторлукта даяр текст жок болгондуктан аны телекөрүүчүлөргө жеткиликтүү кылып баяндап берүү үчүн көп маалыматка ээ болуу керек.
"Спортко көптөн бери кызыгам, бирок спорт журналистикасына келем деп ойлогон эмесмин. Биздин коомдо кыздар спортту түшүнбөйт деген ой калыптанган. Ошондуктан телепрограммага келген конокторум да алгач ишенбестик көрсөткөндөй болушат. Бирок эфирден кийин көбү жакшы ою менен бөлүшөт. Кыздарга эмоционалдуу спорттун түрүн баяндоо кыйын. Андыктан ритми жай делген көркөм гимнастика, муз үстүндөгү бий, жеңил атлетика сыяктуу спортко басым жасап келем. Комментаторлукту баары эле өздөштүрүп кете албайт", — деди Курманова.
Ошондой эле алып баруучу кыргыз тилиндеги спорттук терминология начар абалда болгону комментаторлордун ишинде көйгөйлөрдү жаратып келерин кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын аудиодон угуңуз: