БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы "Социал-демократтар" партиясынын талапкери Рыскелди Момбековго чыгарган Административдик соттун чечими боюнча добуш берүү күнү бүткөндөн кийин карап, талашат. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан кабарлады.
Эске салсак, УКМК БШКга Рыскелди Момбеков Кыргыз улуттук университетинде "юриспруденция" адистигин окуганы тууралуу дипломун мыйзамсыз алганын кабарлаган.
БШКнын жумушчу тобу маселени карап, аны саясий өнөктүгүнөн четтетүүнү сунуштап, андан соң чечим кабыл алган. Натыйжада БШКнын 10 мүчөсүнүн макулдугу менен Момбеков шайлоого катышуу укугунан ажыратылган.
"БШК чечимди (Момбеков боюнча - ред.) шайлоо мыйзамдарына ылайык кабыл алган. 27-ноябрда добуш берүү шайлоо участкаларынан сырткары жүрүп жаткандыктан жана 28-ноябрда шайлоо болорун эске алып, соттун чечими менен Момбеков талапкер боюнча калды. БШК өз чечиминин мыйзамдуу жана негиздүү экендигин далилдеп, Бишкек шаарынын административдик соту чыгарган жыйынтык боюнча добуш берүү күнү аяктагандан кийин талаша тургандыгын билдирет", — деп айтылган маалыматта.
Мурдараак административдик соттун күчүнө кирген чечиминен кийин БШК аны үч календарлык күндө Жогорку сотко арыздана алары маалымдалган.