Жогорку Кеңеш Жээнбеков менен Зулпукаровду кол тийбестиктен ажыратууну карайт

Бүгүнкү жыйында эл өкүлдөрү башкы прокурордун сунуштамасын кароо үчүн депутаттык комиссия түзөрү күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн кезексиз жыйынга чогулуп, кесиптештери Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду кол тийбестигинен ажыратууну карайт. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Эки ай берем. Жапаров жыйында Ташиевди тургузуп алып тапшырма берди. Видео
Бүгүнкү кезексиз жыйында эл өкүлдөрү аталган сунуштаманы кароо үчүн депутаттык комиссия түзөрү күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, аталган саясатчылар үстүбүздөгү жылдын июнь айында "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен кармалган. Учурда УКМКнын тергөө абагында.