БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоо маселесин кароонун жүрүшүндө энергетика министри Доскул Бекмурзаевге сөгүш жарыялады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров Энергетика министрлигинин жетекчиси көмүр менен камсыздоодо жаралган көйгөйлөрдү өз убагында чече албай, тактап айтканда, көмүр сатууда кымгууттукка жана кызыл кулактыкка жол берилгенин билдирген.
"Январдан бери "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын үч жетекчиси алмашты. Бишкекке арзандатылган көмүрдү үзгүлтүксүз жеткирүү боюнча бардык шарттар түзүлгөн. Кол алдыңардагылар саботаж менен коррупцияга жол беришти. Сиз муну көзөмөлдөй алган жоксуз. Ведомствонун ишин мындан ары дагы уюштура албасаңыз, кийинкисинде сизге катуу сөгүш берилет", — деген Жапаров министр Бекмурзаевге.
Мындан тышкары, канааттандырарлык эмес иш алып баргандыгы жана кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Надырбек Бекжановду жана ишкананын коммерциялык директору Тимур Чокморовду ээлеген кызматынан бошотуу чечими кабыл алынган.