Ысык-Көлдө жүрөк үшүн алган кырсыктан 4 адам мүрт кетти. Сүрөт

Каршы тилкеде токтоп турган автоунааны экинчи унаа келип сүзгөн. Каза тапкандардан сырткары үч киши ар кандай жаракат алган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Теплоключенко айылында жол кырсыгынан төрт киши мүрт кетти. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Каргаша бүгүн саат 16:30дар чамасында Каракол — Эңилчек унаа жолунун 10-чакырымында болуп, Nissan X-Trail менен Subaru Forester үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан.
Каргаша бүгүн саат 16:30дар чамасында Каракол — Эңилчек унаа жолунун 10-чакырымында болуп, Nissan X-Trail менен Subaru Forester үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан
"Nissan X-Trail унаасынын 61 жаштагы айдоочусу А.А. кар күрткүдө чыгыштан батышка бара жатып, рулду башкара албай каршы тилкеге чыгып, жолдо токтоп калган. Айдоочунун жайкы дөңгөлөктөрдү алмаштырбаганы белгилүү болду. Каршы тилкеде келе жаткан Subaru Forester унаасынын 34 жаштагы айдоочусу А.А. токтогонго жетишпей калып Nissan X-Trail машинасын сүзүп кеткен", — деп жазылган маалыматта.
Окуя болгон жерден төрт киши көз жумуп, үч киши жаракат алган. Каза тапкандардын аты-жөнү такталууда.
Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар жүргүзүлүп жатат. Тергөө уланууда.
ЖКККББ айдоочуларды жол эрежелерин сактап, дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырып, жолдо коопсуз аралыкты сактоого чакырды.