Бүгүн Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт

Жыйын КТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын жана алардын социалдык баракчаларында түз эфирде чагылдырыла турганы кошумчаланды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 26-ноябрда, Садыр Жапаровдун төрагалыгынын алдында Коопсуздук кеңешинин жыйыны болот. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, анда парламенттик шайлоону өткөрүү маалында коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту, өлкөнүн экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланат.
Мындан сырткары, Кыргызстандын Улуттук коопсуздугунун концепциясы карала турганы айтылды.
Иш-чарага Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү катышат. Алар:
Мугалим, медиктер ишке тартылбасын! Шайлоого даярдык көрүү боюнча отурум өттү
Жыйын КТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын жана алардын социалдык баракчаларында түз эфирде чагылдырыла турганы кошумчаланды. Түз эфир саат 10:00дө башталат.