Алтоо куткаруучу. Россияда шахта кырсыгында 52 киши көз жумганы такталды

Шахтадагы жарылуу бейшемби күнү эртең менен болгон. Ал убакта 285 киши иштеп жаткан. Көз жумгандардан сырткары ооруканадагылар жана дайынсыз болуп жаткандар бар.
Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Россиянын Кемерово (Кузбасс) облусунда шахта кырсыгында 46 кенчи менен алты куткаруучу каза тапканы такталды. Бул тууралуу РИА Новости Кемеровонун тоо куткаруучулары отрядынын командири Юрий Шеге шилтеме берип жазды.
Каргаша бейшемби күнү эртең менен "Листвяжная" шахтасында болгон. Ал убакта 285 киши иштеп жаткан, көбүн үстүнө алып чыкканга жетишишкен. Алгач болжолдуу маалымат боюнча 11 киши көз жумганы айтылган.
"Шахтадагы жарылуунун кесепетинен 46 жумушчу көз жумду. Аларга жардамга бара жаткан алты тоо куткаруучулары да чыга албай калды", — деген Ше.
Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, 13 киши текшерүүдөн өтүп амбулатордук түрдө дарыланууда, 38 адам ооруканага жаткан. Стационардагылардын 11и куткаруучулар. Мындан сырткары, 35 кенчи дайынсыз болууда.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров каргашага байланыштуу Россия лидери Владимир Путинге көңүл айтты.