Аталган эки мамлекет 2025-жылга дейре аскердик кызматташуу планына кол коюшту, бул стратегиялык документ көп полярдык дүйнөнүн жаңы чындыгын чагылдырат. РФ жана КЭРдин коргоо министрлери Сергей Шойгу жана Вэй Фэнхэ шейшемби күнү видеоконференцияда 2021-2025-жылдарга эки өлкөнүн аскердик багытта кызматташуунун жол картасын бекитишти. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко ушул окуянын тегерегинде ой жүгүрткөн.
Документ стратегиялык машыгуулар аба мейкиндиги менен Дүйнөлүк океанда чогуу күзөтүү жаатында Россия менен Кытайдын өз ара аракеттерин активдештирет. Бул – Москва менен Пекиндин чагымчылдык аракеттерине, быйыл сентябрда Америка Кошмо Штаттары, Австралия жана Улуу Британиянын аскердик блогунун (AUKUS) түзүлүшүнө – Тынч океан чөлкөмүндөгү эл аралык коопсуздуктун жаңы чакырыгына мыйзам ченемдүү жооп.
23-ноябрдагы сүйлөшүүлөрдө Шойгу жана Фэнхэ 2021-жылы орус-кытай аскердик кызматташтыгында сезилерлик өсүш болгонун белгилеп, жогорку деңгээлде кабыл алынган келишимдерди ишке ашырууга даярдыкты тастыкташты. Россиянын коргоо министри кытайлык кесиптешине РФ жана КЭР чек араларына жакын жерде АКШнын стратегиялык авиациясынын чагымчыл жана коркунуч туудурган учуштарына бирге чара көрүүнү сунуштады.
Андан мурун эле, тагыраагы, ноябрда АКШ Аскер-аба күчтөрүнүн 10 бомбалоочусу батыш жана чыгыш чек араларынан бир убакта РФке каршы өзөктүк курал колдонуунун варианттарын өздөштүрүшкөн. Жыл аралыгында Россиянын чыгыш чек араларына жакын мындай чагымчылдыктардын саны жети эсе артты. 2019-жылы 3 учуш катталса, 2020-жылы 22ге жеткенин эске сала кетели.
Россия менен Кытай өз күчтөрүнүн биргелешкен аскердик окууларын байма-бай өткөрөт. Августта алгач жолу Кытайдын аймагында "Сибу/Өз ара аракеттешүү – 2021" деген аталышта ыкчам-стратегиялык окуу уюштурулду. Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн стратегиялык ракета ташуучулары жана Кытайдын Аскер-аба күчтөрүнүн бомбалоочуларынын Япон жана Чыгыш-Кытай деңиздеринин акваториясында биргелешкен аба кайгуулу кыйла калыпка салынып калды.
Октябрда эки өлкөнүн аскердик кемелери Японияга жакын Цугару жана Осуми эл аралык булуңдарын күзөтүштү. Бирок абада, деңизде жана кургакта күч аскердик бөлүк жана күчтөрдүн интеграциясына чек жок. Москва менен Пекиндин аскердик тыгыз кызматташуусу глобалдык эл аралык коопсуздукту, анын ичинде Афганистандагы кыйчалыш кырдаалды эске алганда ЖККУ, Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарын бекемдейт.
АКШ жана анын желдеттерине салам
Быйылкы биргелешкен аскердик иш-чаралардын үч мисалы РФ жана КЭРдин аскердик кызматташуусунун дараметин, глобалдык стратегиялык туруктуулугуна таасирин таасын элестетүүгө мүмкүндүк берет.
Кытайдын түндүк-батышындагы орус-кытай ыкчам-стратегиялык окуу Борбор Азиянын Афганистан менен чектешкен полигондорунда Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн аба соккулары менен коштолду. Ага 13 миңдей аскер кызматкери жана 500 аскердик техника бирдиги тартылган. Ошол машыгууну байкоочулардын бир даары Москва менен Пекиндин аскердик-саясий биримдигинин түзүлүшүнүн уландысы катары кабылдады. Россия менен Кытайдын он аскердик (көбүнесе ракеталык) кемеси 17-23-октябрда Япон деңизинде, Тынч океандын батыш бөлүгүндө жана Чыгыш-Кытай деңизинде биргелешкен биринчи кайгуулга (1700 милден ашуун сүзүп) чыгышты.
"Азия-Тынч океан аймагында РФ жана КЭРдин туусун желбиретүү, тынчтык жана туруктуулукту орнотуу, эки өлкөнүн деңиз экономикалык ишмердик объектилерин коргоо" милдеттери ийгиликтүү аткарылды. Ал эми 14-17-октябрда Япон деңизинде "Деңиз өз ара аракеттешүү – 2021" орус-кытай аскердик окуусу өткөн. Жалпысынан алганда мындай иш-чаралар – деңиздеги чагымчылдык жана акылга сыйгыс аракеттердин кооптуу экенин Кошмо Штаттар жана алардын чөлкөмдөгү союздаштарына катуу эскертүү.
Азия-Тынч океан аймагында биргелешкен аба кайгуулун улантып, 19-ноябрда Япон жана Чыгыш-Кытай деңиздеринин акваториясында Россиянын Аба-космос күчтөрү жана Кытайдын Аскер-аба күчтөрүнүн Ту-95МС жана "Хун-6К" стратегиялык бомбалоочулары, Су-35С истребители, А-50 ыраак радиолокациялык колго түшүрүүчү учагы коюлган тапшырмаларды биргеликте аткарышты. Айрым бир тилкелерде топту Япониянын Аскер-аба күчтөрүнүн F-16 жана F-15 истребителдери коштоду.
Кооптуулуктарды катуу ооздуктоо
Россия менен Кытайдын аскердик кызматташтыгынын өрчүшү ЖККУ жана Борбор Азиянын Афганистан менен коңшулаш өлкөлөрүнүн коопсуздугуна оң таасирин тийгизет. Пекин жана Москва конструктивдүү аскердик кызматташууга аргасыз, анткени эл аралык террорчулукту азайтууга, талибдерди мамлекет түптөй алчу кыймылга айландырууга, чек аралардын бекемдигине, ымалалаш коңшу өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүүсүнө, ошондой эле Пентагон жана НАТОнун бардык азиялык базаларынын, АКШ Аскер-деңиз күчтөрүнүн "эркин сүзүү" кооптуу зоналарынын жоюлушуна кандайдыр бир даражада кызыкдар.
Россиянын евразиялык таасири талашсыз жана бул аскердик күчү жагынан дүйнөдөгү экинчи өлкө экени анык.
Кытай өзөктүк держава макамына көптөн бери ээ, космосту ийгиликтүү өздөштүрүүдө, бешинчи муундагы жана көзгө чалдыкпас истребителдерди жана гиперүндүү ракеталарды жаратып келет. Дүйнөлүк экономикада АКШны акырындап биринчи орундан козгоодо.
Иш жүзүндө күчтүү аскердик союздаштар – Москва жана Пекин менен коркутуу жана ультиматум тилинде сүйлөшүү – НАТО жана AUKUS өлкөлөрүнүн кемчонтойлугунун жеткен чеги. Анткен менен дале андай аракеттер токтой элек. Мурдагы күнү америкалык эсминецтин материктик Кытай жана Тайвань аралын бөлүп турган Тайвань булуңуна дагы бир ирет чагымчыл сапарына күбө болдук. Пентагон Афганистан жана КЭР көрүнүп тургудай Пакистанда "кошумча аэродром" алууга үмүттөнөт.
Британиялык Rai Al Youm басылмасы: "Эгер АКШ ырбаткан жаңжалдардын картасына карасак, дүйнөлүк согушка алып бара жаткан белгилер байкалат", — деп белгилейт. Чек аралардын кол тийбестиги жана территориялык бүтүндүк Россия жана Кытай үчүн ыйык принциптер экенин толук түшүнүп турса да, вашингтондук "ителгилер" россиялык Крым жана кытайлык Тайвандын айланасында чыңалууну жаратканын койбойт.
Чыгыш-Кытай деңизинен Кара деңизге чейинки мейкиндикте америкалыктар тарабынан каатчылык жана жаңжалдардын тутанышы Жакынкы Чыгыш, Түштүк жана Борбор Азия өлкөлөрүндөгү чыңалууну күчөтөт.
АКШ жана анын союздаштарын кыйратуучу активдүүлүгүн басаңдатуу үчүн тынчтыкка мажбурлоонун катаал, майнаптуу инструменттери жана алгоритмдери болууга тийиш.
Москва жана Пекин ушул жаатта тынымсыз аракет көрүүдө.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.