Мирлан Самыйкожо 1984-жылы 19-майда Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылында туулган.
Билими:
2006-жылы Кусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолу:
2003-жылы "Нурборбор" коомдук бирикмесинде проза ийриминин жетекчиси;
2003-2004 — "Бийиктик" басмаканасында маданий иштерди жайылтуу боюнча менеджер;
2004-2021 — "Айтыш" коомдук фондунун "Калемгер" адабий клубун негиздеп, бүгүнкү күнгө чейин жетектеген. "Айтыш" коомдук фондунун теңтөрагасы да болуп коомдук башталышта иштеген;
2006-жылдан бери Кыргызстандын Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү;
2007-2008 — Кыргызстандын Улуттук Жазуучулар союзунун "Жаштар секциясынын" башчысы;
2008-2010 — Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясынын "Жаштык" радиосунда иштеген;
2010-2015 — "Кыргыз радиосунун" башкы редактору;
2015-2017 — Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин "Искусствону өнүктүрүү жана кесиптик билим берүү" башкармалыгынын милдетин аткаруучу, министрдин кеңешчиси кызматын аркалаган;
2015-жылдан тартып Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун "Жаштар секциясынын" башчысы;
2018-жылы "Марал" радиосунун маданият бөлүмүнүн продюсери;
2019-жылы КТРКнын "Маалымат" редакциясынын продюсери;
2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты.