Кыргызстанда жыл ичинде нан канчага кымбаттаганы айтылды

Бир жыл ичинде өлкөдө социалдык маанилүү товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы бир топ жогорулады. Тамак-аштын негизгилеринин бири нан дагы четте калган жок.
Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда нандын чекене баасы жыл ичинде орто эсеп менен дээрлик 10 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.
"24-ноябрга карата бөлкө нандын бир килограммы орто эсеп менен 52,76 сомго бааланууда. Бул былтыркы жылдын декабрь айына салыштырмалуу 9,9 пайызга кымбат. Ал эми тандыр нандын килограммы 76,38 сомго барабар, бул бир жыл мурунку баадан 18,1 пайызга жогору", — деп айтылат билдирүүдө.
Бөлкө нанга эң жогорку баалар Ноокат (бир килограмм үчүн 69,57 сом), Токтогул (70,07 сом) жана Кара-Суу (75,63 сом) шаарларында. Нанды баарынан арзаныраак Каракол (41,73 сом), Токмок (45,66 сом) жана Кара-Балта (49,42 сом) шаарларынын тургундары алып жатат.
Тандырда бышкан нандын эң кымбаты Кербен (бир килограммы үчүн 107,17 сом) шаарында болсо, арзаны Караколдо (47,47 сом).