Жапаров: өлкөдө азык-түлүк менен камсыз кылуунун деңгээли кооптуу абалда

Президент өлкөдө өндүрүлгөн продуктулар менен эл эң аз дегенде 80 пайызга камсыз болсо, азык-түлүк коопсуздугунун оптималдуу деңгээли келип чыгат деген оюн айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча түзүлүп жаткан кырдаал олуттуу кооптонууну жаратууда. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.
Анда президент өлкөдө өндүрүлгөн продуктулар менен эл кеминде 80 пайызга камсыз болсо, азык-түлүк коопсуздугунун оптималдуу деңгээли келип чыгат деген оюн айткан.
"Мамлекеттик материалдык резервдеги запастар калктын 90 күндүк муктаждыгын жабууга тийиш. Тилекке каршы, статистикалык маалыматтар көрсөтүп тургандай, азыркы учурда өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун деңгээли кооптуу абалда турат. Өзүбүздү өлкөдө чыгарылган нан, эт, шекер жана жумуртка сыяктуу азыктар менен 40 пайызга, ал эми өсүмдүк майы менен 24 пайызга гана камсыз кыла алабыз", — деген Жапаров.
Ал агроөнөр жай тармагын натыйжасыз башкаруудан улам Кыргызстан калкты азык-түлүк менен камсыз кылууда импортко көз каранды болуп отурганын белгилеген. Ошондой эле суунун аздыгы, мелиорациядагы көйгөйлөр, кургакчылык дыйкандардын түшүмүнө терс таасирин тийгизгенин кошумчалаган.