БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада 70 адамдан коронавирус аныкталып, 109 бейтап сакайды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Азыркы тапта стационарда 440, ал эми амбулатордук шартта 557 адам дарыланып жатканы айтылды. Бир сутка ичинде эмдөөдөн 10 725 адам өттү. Анын ичинен 5 049 киши вакцинанын биринчи дозасын алса, 5 676сы экинчисин сайдырган.