Коронавирустун дагы бир жаңы түрү катталды. ДССУ чукул жыйынга чогулат

Жыйында ДССУнун кызматкерлери жаңы штаммдын канчалык кооптуу экенин жана азыркы вакциналардын майнаптуулугун талкуулоону пландап жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө коронавирустун B.1.1.529 аттуу жаңы штаммы катталгандыгына байланыштуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бүгүн, жумада, чукул жыйын өткөрөт. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Шашылыш жолугушууну уюштуруу тууралуу ДССУнун мүчөсү Мария Ван Керкхове онлайн-сессия учурунда билдирген.
"Бизде жаңы штамм тууралуу жетишерлик маалымат жок. Бирок коронавирустун бул түрүнүн мутациясы көп экенин билебиз", — деген Керкхове.
Ал уюмдун адистери вирустун жаңы штаммына жана анын мутациясына көз салып турарын белгилеген.
Австрияда атайын уюштурулган COVID кечеден оору жуктурган киши каза болду
Ван Керкховенин айтымында, жыйында ДССУнун кызматкерлери жаңы штаммдын канчалык кооптуу экенин жана анын азыркы вакциналарга туруктуулугун талкууламакчы. Эгер жолугушуунун жыйынтыгы тынчсызданууну жаратса, анда вирустун жаңы вариантына грек алфавитинен жаңы тамга ыйгарылат.
Коронавирустун жаңы түрү аныкталганына байланыштуу Улуу Британия менен Израилде Түштүк Африкага каттамдар токтотулган.