Ишембиге карата аба ырайы

27-ноябрда туруксуз аба ырайы күтүлүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Ишембиде өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында 0…+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +5…+10, Талас, Ысык-Көл өрөөнүндө 0…-5, Нарын чөлкөмүндө -2…-4 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +3…+5, Ош шаарында +8…+10 градуска жетет.