БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Мындан ары күйүүчү-майлоочу майдын баасын туруктуу кармап туруу кыйын болот. Бул тууралуу экономика министри Данияр Амангелдиев Коопсуздук кеңешинин отурмунда сүйлөп жатып айтты.
Анын билдиришинче, кошуна мамлекеттерге салыштырмалуу күйүүчү майдын баасы Кыргызстанда арзан.
"Мамлекеттен жөнгө салынгандыктан Кыргызстанда күйүүчү майдын наркы эң арзан. Бирок мындан ары бааны туруктуу кармоо кыйын болот. Биз регион боюнча бааларды теңдештирүүгө даяр болушубуз керек. Электр энергиясы менен жүрүүчү унааларга өтүүнүн учуру келди", — деген Амангелдиев.
Министр ошондой эле коомдук транспорттун күйүүчү майына кеткен чыгымга субсидиялоо системасын киргизүү зарылдыгын белгиледи.