Чек ара кызматы: тажик тарап кармалган үч кыргызстандыкты кайтарды

Кыргыз жарандары эки тараптын Чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнөн кийин кайтарылган. Алардын бири 1-ноябрда, экөө 12синде кармалган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Тажикстанда буга чейин кармалып турган Кыргызстандын үч жараны мекенине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Бүгүн, 26-ноябрда, эки өлкөнүн Чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушкан. Тараптар өз аймактарында кармалган эки мамлекеттин жарандарын кайтаруу боюнча сүйлөшкөн.
"Бүгүн "Кулунду" өткөрмө бекетинде тажик чек арачылары мурда кармалган Кыргызстандын үч жаранын өткөрүп беришти. Алардын бири 1-ноябрда, ал эми эки аял 12-ноябрда кармалган", — деп айтылат маалыматта.
Чек ара кызматты дагы үч кыргызстандык жакынкы күндөрү мекенине кайтарыларын кошумчалады.
Кошуна эки өлкөнүн чек арачылары Кыргызстандын аймагында кармалган эки тажик жаранын мекенине өткөрүп берүү тууралуу макулдашкан.
Тажикстандын күч органдары кармаган Кыргызстандын жараны мекенине кайтарылды
Тараптар ошондой эле Борбордук — Арка (Худжант - Канибадам) унаа жолунун боюндагы курулуш иштерине байланыштуу көйгөйлөрдү талкуулашты. Тажик тарап Тажикстандын жарандары жүргүзүп жаткан курулуш иштерин токтотуу чараларын көрөрүн билдирди.
Жолугушууда Сүлүктү — Пролетарск темир жол тилкесиндеги бөлүгүн бузуу маселесин да карап, эки мамлекеттин Лейлек жана Ганчин райондорунун жетекчилеринин деңгээлинде жолугушуу өткөрүүнү пландаштырышты.