Конуштардагы жер тилкелер мыйзамдаштырылат. Эмне документ керек

Коомдук талкууга "2012-жылдын 3-августуна чейин өзүм билемдик менен курулган жеке турак үйлөр түшкөн жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жөнүндө" мыйзам долбоору коюлган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Бишкекте конуштардагы жер тилкелерине документ берүү үчүн мобилдик топ түзүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Мобилдик топ жеринде иш алып бармакчы.
"Учурда "2012-жылдын 3-августуна чейин өзүм билемдик менен курулган жеке турак үйлөр түшкөн жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жөнүндө" мыйзам долбоору коомдук талкууда. Ал ушул жылдын 29-ноябрына чейин каралып бүтүшү керек", — деп жазылган маалыматта.
Мэрия жер тилкелерин мыйзамдаштыруунун алгачкы процедурасына кандай документтер керек экенин айтты: