БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Бишкектин айрым райондорунда 29-ноябрдан 2-декабрга чейин газ жок болот. Бул тууралуу "Газпром" ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, көгүлтүр от эски өткөргүчтөрдөн чыккан газды токтотуу үчүн өчүрүлөт.
Өткөрүлө турган иштерге байланыштуу төмөнкү аймактарда төрт күн көгүлтүр от жок болот:
Фучик көчөсү, Чоң Чүй каналынын бою, 2-Черепки, Жибек жолу проспектиси.
Ишкана келтирген ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сураган.