БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Көк-Терек айылынын жашоочуларынан кабар алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы кабарлады.
Облус башчысы менен жолугушууда жергиликтүүлөр социалдык көйгөйлөр тууралуу билдиришкен.
"Жашоочулар негизинен таза суу, көчөлөрдү жарыктандыруу, жарандардын паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана башка документтерди алууда маселе жаралып жатканын айтышты", — деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле Алимбаев Көк-Терек айылындагы жаңы курулган үйлөрдүн жылуулугу жана жашоочулардын жашоо шарты менен таанышып чыккан. Учурда айылдын жашоочулары үчүн жалпы 18 үй салынып берилген.
Мындан сырткары, жолугушуунун жүрүшүндө Тажикстандан көчүп келген этникалык кыргызга Кыргызстандын жарандык паспорту тапшырылган.