Ажибаев Чыңгыз Ильяскожоевич — өмүр баяны

Чыңгыз Ажибаев 1991-жылы 16-майда Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарында туулган.
Sputnik
Билими:
2014-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридика институтутун аяктаган.
2011-2013 — Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин аскер кафедрасында окуган.
Эмгек жолу:
2014-2017 — КРдин башкы прокурорунун коомдук башталыштагы жардамчысы;
2017-2021 — Бишкек гарнизонунун аскердик прокуротурасында тергөөчү болуп иштеген;
2021-жыл, декабрь — Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын Лейлек шайлоо округу боюнча депутат.
Юстициянын ага лейтенанты.
Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы.