Бишкек — Ош жолунда фураларга чектөө кирди. Ири трассаларда абал кандай

Транспорт министрлиги жайкы дөңгөлөктү кышкыга алмаштыра электерге алыскы жолго жана ашууларга чыкпоону эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Бишкек — Ош жолундагы "Сосновка" постунда жүк ташуучу унааларга (фура) чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдиремеге караганда, чектөө Төө-Ашууда аба ырайы жакшырып, жол тазаланганда алынат. Ал саат 6:00дө башталган. Жолдун бир бөлүгүндө кар тынбай жаап, калыңдыгы 10-15 сантиметрге жеткени маалым болду.
Министрлик башка дагы жол, ашуу жана капчыгайлардагы кырдаал тууралуу маалымат берди.
"Боом капчыгайында деле кар жаап жатат, бирок дароо эрип, жол тоңгон жок. Нарын облусунун Долон ашуусунда, Чаткал районунун Чапчыма ашуусунда жана башка жерлерде дагы кар жаап, жол тайгак. Кызматкерлер кадимки тартипте иштеп, тазалоо иштерин жүргүзүүдө", — деп айтылат билдирмеде.
Транспорт министрлиги жайкы дөңгөлөгүн кышкыга алмаштыра электерге алыскы жолго жана ашууларга чыкпоону эскертти. Мындан сырткары, айдоочулардан жанына чынжыр салып алууну, каршы тилкеге чыкпоону жана атайын техникаларга тоскоолдук жаратпоону суранды. Ошондой эле автоунаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сөзсүз сактоо керектиги айтылды.