Билими:
2010 ― Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетин бүтүргөн, кесиби юрист.
Эмгек жолу:
2007-2009 — ыктыярчы, КРСУнун "Street Law" юридикалык клиникасында мугалим;
2010-2011 ― Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун адвокаттар коллегиясында адвокаттын жардамчысы;
2011-2012 ― Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы;
2014-2016 ― КР Экономика министрлигине караштуу Инвестицияларды илгерилетүү агенттигинде инвесторлорду колдоо бөлүмүнүн башчысы;
2016-2017 ― КР Инвестицияларды илгерилетүү мамлекеттик агенттигинин инвесторлорду колдоо жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
2018-2020 — "Ата-Түрк Ала-Тоо" эл аралык университетинин юридикалык факультетинде сырттан окутуучу;
2019-2020 — Бишкек мэриясына караштуу Шаарды өнүктүрүү агенттигинин директору;
2020-2020 — Бишкек мэриясынын алдындагы Экономика жана инвестициялар департаментинин директору;
2021 — Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты
2022 -жылдын 13-январынан 1-декабрына чейин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги;
2017-жылы Россия Федерациясынын Президентине караштуу Россиянын Эл чарба жана мамлекеттик башкаруу академиясынын эксперттик-аналитикалык борборунун маалыматы боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн 60 жаш лидерлеринин тизмесине кирген;
КМШ ПААнын жана "Мир" мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын "Древо дружбы" күмүш медалы ыйгарылган.