Билими:
1999-жылы Кыргыз агрардык академиясынын экономика жана агробизнес факультетин менеджмент адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1996-1997 — "Обон" гезитинин башкы редакторунун орун басары, башкы редактору;
1997-1999 — "Учкун" гезитинин башкы редактору;
1999-2004 — "Эркин-Тоо" гезитинин башкы редакторунун биринчи орун басары;
2004-жылы транспорт жана коммуникациялар министринин маалымат катчысы;
2005-2006 — "Эркин-Тоо" гезитинин башкы редактору;
2006-2009 — президент Курманбек Бакиевдин маалымат катчысы;
2009-2010 — Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси;
2009-2010 — "ЭлТР – Коомдук телевидениесинин" гендиректору;
2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышына "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан №13 катарда шайлоого катышкан;
2010-жылы декабрь айында маданият жана маалымат министри болуп дайындалган.
2015-жылы "Республика— Ата-Журт" партиясынын шайлоо штабында жетекчи болгон.
2017-жылы NTV телеканалын негиздеп, жетектеген;
2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына № 17 Аксы шайлоо округунан катышып, алдын ала жыйынтык боюнча жеңишке жетти.
Кошумча маалымат:
II класстагы мамлекеттик кеңешчи.