Сулуу кыздар жана мотоциклдер. Милан мотосалонунан кызыктуу 14 сүрөт

Италияда Милан мотосалон көргөзмөсү өтүп жатат. Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн иш-чаранын кызыктуу учурларын көрүңүз.
Sputnik
Быйылкы жылы жаңы чыгарылган мотоунаалардын көргөзмөсү 25-ноябрда башталды. Ал 28-ноябрга чейин созулат. Дүйнө жүзүндөгү мотоцикл сүйүүчүлөр муну менен 78-жолу чогулушууда. EICMA иш-чарасы 1914-жылдан бери жыл сайын Миланда өткөрүлүп келет. Алгачкы эки күндө салонго ЖМК өкүлдөрү жана профессионал адистер киргизилди. Калган күндөрү көргөзмө бардык каалоочулар үчүн эшигин ачат.
Таң калычтуу кийимдер. Өзгөчө мода жумалыгынан 12 сүрөт
Дүйнөлүк компаниялардын жаңы үлгүлөрү стенддерде гана көрсөтүлбөстөн, мотоцикл көргөзмөсүндө да коомчулукка чыгарылат. Айтылуу SBK жана Supersport уюмдарынын өкүлдөрү желдей учкан мотоциклде чеберчиликтерин көрсөтүшөт. Аягында, албетте, көрүүчүлөр менен жолугушуп баарлашат.
 
1 / 14
Миланда (Италия) эл аралык мотоциклдер көргөзмөсү өтүүдө
2 / 14
Жаңы мотоунаалардын көргөзмөсү быйыл 25-ноябрда башталды, ал 28-ноябрга чейин созулат. Сүрөттө модель жаңы эле коомчулукка тааныштырылган Vespa скутеринде отурат.
3 / 14
Дүйнө жүзүндөгү мото ышкыбоздор 78-ирет көргөзмөгө чогулууда. Сүрөттө: Ducati Panigale of Team Go Eleven аталыштагы мотоцикли.
4 / 14
Алгачкы эки күндө салонго ЖМК өкүлдөрү жана профессионал адистер киргизилди. Калган күндөрү салон бардык каалоочуларга эшигин ачат.
5 / 14
EICMA дээрлик 80 миң чарчы метр мототехниканын экспозициясын түзөт. Сүрөттө модель Suzuki мотоциклин тааныштырып жаткан чагы.
6 / 14
Көргөзмөдөн мотоцикл, мопед, мотороллерлерди, ошондой эле мотоциклдик жабдууларды, аксессуарларды, кийимдерди, бут кийимдерди жана коргоочу шаймандарды көрүүгө болот. Сүрөттө модель кыз Honda мотосун көрсөтүүдө.
7 / 14
Мында тетиктер жана запастык бөлүктөрдүн кеңири түрү коюлган. Сүрөттө: шлемдер стендинин жанындагы кардарлар.
8 / 14
Дүйнөлүк компаниялардын жаңы моделдери стенддерде гана коюлбастан, көргөзмөгө да чыгарылды. Сүрөттө: модель кыздар Silence бренди чыгарган электрондук Nanocar S04 техникасын жарнамалап турушат.
9 / 14
Жаңы мототехника мотошоуга да чыгарылат. Сүрөттө: кардарлар Piaggio 1 электросамокаттарын карап көрүп жатышат.
10 / 14
Айтылуу SBK жана Supersport уюмдарынын өкүлдөрү желдей учкан мотоциклде чеберчиликтерин көрсөтүшөт. Аягында, албетте, көрүүчүлөр менен жолугушуп баарлашат. Сүрөттө: MV Agusta мотоциклин жарнамалаган модель кыз.
11 / 14
S01+ электроскутери көрүүчүлөрдүн назарына коюлууда
12 / 14
Модель кыз Aprilia мотоциклин жарнамалап жатат
13 / 14
Givi стендинин жанында турган кардарлар
14 / 14
Модель кыз Kawasaki Ninja H2SXSE мотоциклин тааныштырып жаткан чагы