Женнифер Лопес жана башка жылдыздар... American Music Awards аземинен 14 сүрөт

21-ноябрда жыл сайын өтүүчү American Music Awards музыкалык сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү. Иш-чаранын эң кызыктуу учурларын Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрүңүз.
Sputnik
Салтанаттуу азем Лос-Анжелестеги (АКШ) Microsoft Theater концерттик залында өттү.
Сыйлык теле алып баруучу Дик Кларк тарабынан 1973-жылы негизделген. “Грэммиден” айырмаланып жеңүүчүлөр коомчулуктун жана күйөрмандардын расмий сайт аркылуу берген добушу менен тандалат (“Грэмми” жеңүүчүлөрү Улуттук искусство академиясынын мүчөлөрүнүн добуш берүүсү менен аныкталат).
Быйыл түштүк кореялык BTS тобу, Тейлор Свифт, Карди Би, Эд Ширан жана башка аткаруучулар ар кандай номинацияларда жеңүүчү болушту.
1 / 14
Женнифер Лопес American Music Awards сыйлыгын тапшыруу аземинде On my way аталышындагы жаңы ырын аткарууда
2 / 14
Түштүк кореялык BTS тобу “Жылдын артисти” номинациясына татыды
3 / 14
Соул-дуэттин катышуучулары эже-сиңди Хлоя жана Хэлли Бейли
4 / 14
Пуэрторикалык ырчы Bad Bunny “Латын Америкасынын мыкты артисти” номинациясында жеңүүчү болду
5 / 14
Карди Би да номинациялардын бирине татыды. Ал ошондой эле аземдин башкы алып баруучусу болду
6 / 14
Билли Портер Лос-Анжелестеги Microsoft Theater сахнасында
7 / 14
Chlöe American Music Awards 2021 аземинде ырдап жатат
8 / 14
Америкалык рэп-ырчы, ырлардын автору, продюсер, клипмейкер жана дизайнер Тайпер American Music Awards сыйлыктарын тапшыруу аземинде
9 / 14
Кали Учис “Сүйүктүү латын ырлары” номинациясынын жеңүүчүсү
10 / 14
Америкалык актриса жана ырчы Оливия Родриго
11 / 14
Рок-ырчы Machine Gun Kelly American Music Awards 2021 аземинде сыйлык алып жатат
12 / 14
Италиялык Maneskin рок-тобу Beggin ырын аткарууда
13 / 14
Модель Винни Харлоу American Music Awards аземинде
14 / 14
Түштүк кореялык BTS тобу бийчи Жоджо Сива менен селфи жасоо учурунда