Канат Бегалиев ырдап, Акжол Махмудов бийлеп... Мейрамбек Ахметовдун юбилейинен видео

Олимпиаданын күмүш байгесинин ээлери "Мен сенин кырааныңмын, Кыргызстан" деген ырды дуэт аткарышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Грек-рим күрөшүнөн Олимпиаданын күмүш медалдарын уткан Канатбек Бегалиев менен Акжол Махмудов машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовдун 60 жылдык юбилейинде куттуктап ырдап беришти. Спортчулардын видеосу социалдык тармактарга жарыяланууда.
Олимпиаданын күмүш байгесинин ээлери "Мен сенин кырааныңмын, Кыргызстан" деген ырды дуэт аткарышкан.
Андан соң Акжол Махмудов кара жорго бийлеп юбилейди шаңданткан. Видеодон улуттук кийимчен балбан бийчи кыздын коштоосунда кара жоргону аткарып жатканын көрүүгө болот.
Эске салсак, Мейрамбек Ахметов Канатбек Бегалиев менен Акжол Махмудовдун жеке машыктыруучусу болуп саналат.
Бегалиев 2008-жылы Пекин олимпиадасында 66 килограмм салмакта күмүш байге уткан. Ал эми Махмудов Токио-2020 оюндарында 77 килограмм салмакта күмүш медаль менен кайткан.