Шевченко менен Холли Берринин "мушташы". Кинонун бет ачарынын видеосу

Кыргызстандык спортчу кыз башкы каарман Жекинин (Холли Берри) атаандашынын ролун ойногон. Сервис алардын фильмдеги урушунун эпизоддорун жарыялады.
Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Голливуд жылдызы Холли Берринин кыргызстандык спортчу, UFC чемпиону Валентина Шевченко катышкан "Көгала болгондо" киносунун премьерасы болуп өттү. Фильм Netflix кызматынын прокатына чыгарылды.
Netflix Холли Берри менен Валентина Шевченко аткарган каармандардын ортосундагы мушташтын эпизоддорун жарыялады.
Жапаров Шевченконун энесине шырдак, машыктыруучусуна жаа берген. Сүрөт
Бул "Оскар" ээси Холли Берринин режиссердук тырмак алды эмгеги. Анда башкы ролду актриса өзү ойногон.
Ал эми Шевченко башкы ролдогу Жекинин, тагыраагы, Холли Берринин спорттогу атаандашы болот. Сценарий боюнча, Жекинин карьерасы кичинекей уулу менен мамилесин оңдогондон кийин жанданат.
Валентина Lady Killer (Киши өлтүргүч аял) каймана аты бар мушкердин ролун аткарат. Жеки маанилүү беттеште аны менен кармашып, мурдагы атак-даңкын кайтаргысы келет.