Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо процесси жүрүп жатат.
Эртең мененки саат 8:00дөн тарта жалпысынан 2 494 шайлоо участкасы добуш берүү үчүн эшигин ачты. Анын ичинде 59 шайлоо тилкеси чет мамлекеттерде. Кыргызстанда 3 миллион 703 миң 420 жаран добуш берүү укугуна ээ. Буга башка өлкөлөрдө жүргөн 84 128 шайлоочу да кошулат. Кыргызстандыктар шайлоонун жаңы эрежелерине ылайык, эки бюллетень алып, үч тандоо жасайт.
Шайлоого 21 партия, бир мандаттуу округдан 287 талапкер катышууда. Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы кечки саат 20:00дөн кийин жарыяланат.
Парламенттик шайлоо бул ирет аралаш система менен өткөрүлүп жатат. 54 депутат партиялык тизме, 36сы бир мандаттуу округ аркылуу тандалат. Өлкө боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышкан жарандардын беш пайыздан, жети облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан 0,5 пайыздан кем эмес добушун алган партияга парламенттин эшиги ачылат. Жалпысынан 90 мандат даярдалат.