Бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат.
Жекшемби күнү эртең мененки саат 8:00дө жалпысынан 2 494 шайлоо участогу ачылды. Анын ичинде 59 шайлоо тилкеси башка өлкөлөрдө түзүлгөн. 3 миллион 703 миң 420 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ, буга чет мамлекетте жүргөн 84 128 жаран да кошулат.
Мыйзам чыгаруу органынын мандатын алуу үчүн 21 партия, бир мандаттуу округдан 287 талапкер ат салышууда. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы кечки саат 20:00дөн кийин жарыялана баштайт.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо бул ирет аралаш система менен өткөрүлүүдө. 54 депутат партиялык тизме, 36сы бир мандаттуу округ аркылуу тандалат. Жалпысынан парламентте 90 кресло даярдалат.