Жээнбеков, Зулпукаров, Сарпашев жана Нарымбаев жаңы жылды абактан тосот

Саясатчылар үстүбүздөгү жылдын июнь айында коррупциялык иштерге катыштыгы бар деп УКМК тарабынан кармалган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Кумтөр кенин иштетүүдөгү коррупцияга айыпталып кармалган саясатчыларды УКМКнын тергөө абагында калтыруу мөөнөтү 2022-жылдын 30-январына чейин узартылды. Бул туурасында Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.
Эркин Салымбеков абактан чыкты. УКМК бюджетке канча акча которгонун айтты
Аталган саясатчылар үстүбүздөгү жылдын июнь айында "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен УКМК тарабынан кармалган.