Радио

Анарбеков: Россиядан 20 чакырымга рельс, 100 вагон алып келинет

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Абдес Анарбеков аталган ишкана 424 чакырым темир жолун тейлей турганын маалымдады.
Sputnik
Темир жолдордун 17 пайызы эскирген. Буга байланыштуу Россиядан 20 чакырымга рельс алынып, жаңыртуу иштери колго алынууда. Бул тууралуу Абдес Анарбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда рельстерди Казакстанга кеткен темир жолго орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.
"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы 424 чакырым жолду тейлейт. Анын 325 чакырымы республиканын түндүк тарабында, 101 чакырымы түштүк жагында жайгашкан. Ишканада жалпы беш миңге чукул адам эмгектенет. Мекеме жылына 350 миллион сом салык төгөт. Учурдагы көйгөйлөргө токтоло турган болсок, учурда жалпы темир жолдун 17 пайызынын эскилиги жеткен. Ошондуктан аны жаңылоо иштери колго алынууда. Алсак, Россиядан рельстердин алгачкы партиясы алып келинди. Жалпы 20 чакырымга чукул жолду жаңылоого мүмкүндүк түзүлөт. Мындан тышкары, "Нацпромлизинг" компаниясы, Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду менен темир жолдордун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул боюнча тийиштүү иш-аракеттер улантылат. Андан тышкары, 100 чакан (жарым) вагон  сатып алууга тендер өткөрдүк. Ага россиялык компания катышып, быйыл 50, кийинки жылы калганы алып келинет", — деди Анарбеков.
Ошондой эле ал учурда Казакстанга кеткен темир жолго жаңы рельстерди орнотуу иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.