Кыргызстанда 28-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт.
Парламенттик шайлоого 21 саясий партия, бир мандаттуу округдан 287 талапкер катышмакчы. Эртең мененки саат 8:00дө 2 494 шайлоо участкасы ачылат. Анын ичинде 59 шайлоо тилкеси чет мамлекетте жүргөн кыргызстандыктарды тейлемекчи.
Бул жолку парламенттик шайлоого 3 миллион 703 миң 420 жаран добуш берүү укугун алган. Алардын баары Кыргызстанда эмес, 84 128 шайлоочу өлкө сыртында катталган.
54 депутат партиялык тизме, 36сы бир мандаттуу округ аркылуу тандалат. Парламенттик шайлоого катышкан жарандардын беш пайыздан, жети облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан 0,5 пайыздан кем эмес добушун алган партия мандатка жетет. Бир мандаттуу округдан эң көп добуш алганы жеңүүчү деп таанылат.