Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Эртең мененки саат 8:00дөн тарта жер-жерлерде шайлоо участкалары ачылды.
Жалпысынан 2 494 шайлоо участкасы жарандарды тейлейт, анын ичинен 59 шайлоо тилкеси чет мамлекеттерде түзүлгөн. Кыргызстанда 3 миллион 703 миң 420 жаран добуш берүү укугуна ээ. Буга башка өлкөлөрдө жүргөн 84 128 шайлоочу да кошулат. Парламенттик шайлоонун жаңы эрежелерине ылайык, эки бюллетень алып, үч тандоо жасоо талап кылынат. Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы кечки саат 20:00дөн кийин жарыяланат.
Парламенттик шайлоого 21 партия, бир мандаттуу округдан 287 талапкер ат салышууда. 54 депутат партиялык тизме, 36сы бир мандаттуу округ аркылуу тандалат. Шайлоого катышкан жарандардын беш пайыздан, жети облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан 0,5 пайыздан кем эмес добушун алган партияга парламенттин эшиги ачылат.