Кыргызстанда доллардын курсу жакынкы жылдары кандай өзгөрөт? ЕАӨБдүн божомолу

Аналитиктердин божомолунда, доллар боюнча азыркы жана келе жаткан эки жылдын маалыматтары камтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. 2023-жылга чейин доллардын курсу 84-86 сомдун айланасында өзгөрүп турат. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын макроэкономикалык божомолунда айтылат.
Документте азыркы жана келе жаткан эки жылдын маалыматтары камтылган.

Курстун туруктуулугу

ЕАӨБ доллардын курсу ушул жылдын январь-октябрь айларында 83 – 84,8 сомдун айланасында өзгөрүп турганын эске салды. Былтыркы жылы ал 69,5 сомдон 84,9 сомго чейин көтөрүлгөн. Ошол эле учурда Улуттук банктын 2021-жылкы январь-октябрь айларындагы интервенциясынын көлөмү былтыркы жылдыкынан айырмаланган эмес.

Божомол

Аналитиктер азыркы валюта саясаты орто мөөнөттө сакталарын божомолдошкон.
"Акча жаатын көзөмөлдөгөндөр курстун дароо өзгөрүп кетүүсүн алдын алуу үчүн валюталык интервенцияларды жүргүзүп турушат. Биздин оюбузча доллардын курсу 84-86 сомдун айланасында болот", — деген аналитиктер.
Базалык сценарийге ылайык, доллардын орточо курсу жакынкы жылдары төмөндөгүдөй болот: