БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. "Кайрат" футбол клубунун мурдагы машыктыруучусу Алексей Шпилевский кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкуловду туулган күнү менен куттуктап, "менин сүйкүмдүү кыргыз балам" деп атады. Казакстандык команданын экс-насаатчысы куттуктоо сөзүн өзүнүн Instagram баракчасынын stories бөлүмүнө жазды.
Устат постуна Гүлжигит экөөнүн голду майрамдап турган эмоциялуу сүрөтүн койгон.
"Сүйкүмдүү кыргыз балакайым. Мен сени туулган күнүң менен чын дилимден куттуктайм! Сага бекем ден соолук. Сүйүктүү оюнуңда чыдамкайлык жана кумарлануу. Кыса кучактайм. Сенин А.Н.Шпилевскийиң", — деген ал.
Бул устаттын шакиртине көрсөткөн өзүнчө урмат-сыйы катары бааланууда.
Шпилевский менен Алыкулов 2000-жылы "Кайрат" клубун 16 жылдык ийгиликсиз оюндардан соң өлкөнүн чемпиондук тагына чыгарган.
Эскерте кетсек, бүгүн, 25-ноябрда, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жарым коргоочусу Гүлжигит Алкыкулов туулган күнүн белгилеп жатат.
Оюнчуну туулган күнү менен Кыргызстандын Футболдук союзу да куттуктап, чың ден соолук жана ийгилик каалаган.
Футболчу 2000-жылдын 25-октябрында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда туулган.
Гүлжигит Алыкулов 2019-жылдан бери Казакстандын "Кайрат" клубунда ойноп келет. Буга чейин ал Беларустун "Неман" командасынын намысын коргогон. 2019-жылы "Кыргызстандын мыкты футболчусу" наамына татыган.