БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Калкты тейлөө борборлору менен калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмдөрү даяр паспортторду берүү үчүн дем алыш күндөрү да иштейт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Парламенттик шайлоо алдында жарандардын кайрылуулары көбөйгөндүгүнө байланыштуу Кыргызстандын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортун, eID-картасын алууга мурда кайрылган жарандар даярдоо мөөнөтүнө ылайык 27 жана 28-ноябрда бардык тейлөө борборлорунан, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмдөрүнөн даяр паспортторун ала алышат.
Аталган мекемелерде даяр паспортторду берүү иши эртең мененки саат 8:00дөн кечки 20:00гө чейин жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, бул күндөрү даяр паспортторду берүү кызматы гана жеткиликтүү болот.
Паспорттун даяр болгондугу тууралуу маалыматты https://www.tunduk.gov.kg мамлекеттик кызмат порталынан, Tunduk мобилдик тиркемеси же Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 119 кыска номери аркылуу билүүгө болот (бардык байланыш операторлорунан чалуулар акысыз кабыл алынат).