Евразия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын экономикасындагы тобокел учурларды атады

Аналитиктердин пикиринде, Кыргызстандын экономикасы бир катар себептерден улам калыпка жай келип, инфляция күчөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Евразия өнүктүрүү банкы өзүнүн макроэкономикалык божомолунда Кыргызстандын экономикасына карата коркунучтарды санап берген.
Документте 2023-жылга чейинки аралыкка божомол берилип, төмөнкүдөй коркунучтар көрсөтүлгөн (текст бир аз кыскартылды):
Эконмиканын калыпка жай келиши пандемияга байланыштуу. Соода-өнөктөш өлкөлөрдөгү карантиндик чаралардын маал-маалы менен киргизилиши товарлар менен кызматтардын экспортун, ошондой эле акча которууларды кечиктириши мүмкүн. Суунун тартыштыгы биз ойлогондон дагы көп убакытка терс таасирин тийгизиши ыктымал. Жарыктын өчүрүлүшү экономиканын башка секторун жабыркатат деген да коркунуч бар. Кумтөрдөгү алтынды өндүрүү иши да белгисиз болуп жатат.
Улуттук банк ири көлөмдө доллар саткан себебин түшүндүрдү
Инфляциянын тездеп кетүү коркунучу жогорулады. Инфляциялык коркунучка дүйнө жүзү боюнча жаралган энергетикалык кризис менен аймактардагы начар түшүм көйгөйү кошулду. Дүйнөдө мунай менен буудайга болгон баанын өсүшү Кыргызстандагы инфляциянын басаңдашын жайлатат. Товар жеткирүү узак убакытка кечеңдегендиктен сунуш менен керектөөнүн ортосундагы баланс бузулуп, инфляциянын деңгээли жогорулайт.
Мамлекеттик карызды көбөйтүү мүмкүнчүлүгү чектелген. Өткөн жылдын жыйынтыгына баам салсак, мамлекеттик карыз Эл аралык валюта фондунун стандарты боюнча ИДПнын босого чегинен 60 пайызга ашкан. Мындай көрүнүш льготалык негизде кредит алууга гана мүмкүнчүлүк берип, экономиканын калыбына келишин кечеңдетет.