Чет өлкөдө ойногон киберспортчулар эми ата мекендик команданын атынан чыгышат

Команда жакында Dota Pro Circuit турниринин тандоо туруна катышат. Андан өткөндөр 2022-жылы боло турган масштабдуу The International турнирине катыша алат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Dota 2 дисциплинасы боюнча чет өлкөдө ойногон кыргызстандык киберспортчулар эми ата мекендик Hydra командасынын атынан чыгып жатышат.
Уюмдан билдиришкендей, Кыргызстандын командасы The International 2022 турнирине даярдык көрүп жатат.
Киберспорттук уюмдун курамы ноябрдын башында бекитилип, ага беш оюнчу кирген. Алар:
Белгилей кетсек, тырмакчада алардын оюндагы каймана ысымдары көрсөтүлгөн.
Эмилжанов менен Ри буга чейин кореялык NoLifers5, кийин украиналык NaVI командаларында ойношкон. Эмилжанов акыркы кездерде россиялык Virtus Pro жана Hellraisers командаларынын атынан чыгып жүргөн.
Радио
Саймасаев: 14-августта киберспорт боюнча Израилдеги турнирге тандоо башталат
Ри Hydra командасына өтө элек кезде казакстандык Gambit Esports үчүн ойноп келген. Тайиров дагы ошол жакта болгон. Кожомбаев жана Темиралиев Россия менен Украинанын атынан чыгып жүрүшкөн.
Оюнчулар ноябрдын соңунда Dota Pro Circuit турниринин тандоо этабына катышат. Андан өткөндөр 2022-жылы боло турган масштабдуу The International турнирине катыша алат. Таймаш онлайн өтүп, байге фонду 280 миң долларды түзөт.
Команда турнирге тажрыйбалуу машыктыруучунун көзөмөлүндө даярдык көрөт.
Hydra — Кыргызстандагы биринчи киберспорттук уюм. Анын DOTA 2, CS:GO жана PUBG MOBILE деген үч командасы бар.