Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге добуш берүү 28-ноябрда саат 20.00дө жыйынтыкталат.
Мандат алуу үчүн 21 саясий партия, бир мандаттуу округдан 287 талапкер ат салышат. Эртең мененки саат 8:00дө 2 494 шайлоо участкасы ачылат. Анын ичинде 59 шайлоо тилкеси чет мамлекетте жүргөн кыргызстандыктарды тейлемекчи.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 3 миллион 703 миң 420 жаран катышуу укугуна ээ. Алардын баары Кыргызстанда эмес, 84 128 шайлоочу башка өлкөлөрдө жүрөт.
Бул ирет аралаш система киргизилип, 54 депутат партиялык тизме, 36сы бир мандаттуу округ аркылуу тандалмакчы. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышкан жарандардын беш пайыздан, жети облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан 0,5 пайыздан кем эмес добушун алган партия утуп чыгат. Бир мандаттуу округдан эң көп добуш алганы жеңүүчү деп таанылат.