БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Коронавируска каршы вакцина организмди вирустан алты айга чейин коргой алат. Бирок өнөкөт оорусу жок жаштардын антителосу тогуз айга чейин жарашы мүмкүн. Бул тууралуу иммунолог, медицина илимдеринин кандидаты Николай Крючковго шилтеме берип "Известия" жазды.
"Учурда вакцинаны кайталап алуу үчүн стандарттык мөөнөт катары алты ай бекитилген. Бирок вакцина алар алдында антителону текшергенде жаш, өнөкөт оорусу жок, ден соолугу бекем адамдарда дагы деле антителосу жогорку деңгээлде чыгып жатат", — деди адис.
Крючков сөзүнүн аягында ушул тапта коронавирустан коргонуунун башка эффективдүү жолу жок болгондуктан, колдон келишинче бардык адамдарды эмделүүгө чакырып кетти.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1 088 287 киши коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Алардын ичинен 871 064ү препараттын экинчи дозасын алууга жетишти.