БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарында асманды көздөй ок чыгарган улан чындыгында эле жеке күзөт агенттиктеринин бириндеги Тездик менен аракетке келүүчү (ГБР) топто иштейт. Бул туурасында борбор калаанын Ленин райондук милициясынан кабарлашты.
Күзөт агенттиктеринин бириндеги Тездик менен аракетке келүүчү (ГБР) топто иштегендигинин күбөлүгү
© Фото / пресс-служба УВД Ленинского района Бишкека
Буга чейин социалдык тармакта камуфляж формачан жигиттин Бишкектин борборунда жүрүп, түндө эч себепсиз эле асманды көздөй аткан видеосу тараган. Тартип сактоочулар 19 жаштагы уланды таап, милиция бөлүмүнө жеткирген. Ал арада ЖМКлар жигиттин ГБРде иштээрин жазды.
Маалыматта Р. Б. МР-371 КВ үлгүдөгү тапанчасын, огу жок магазинди тапшырып бергени жана ал боюнча экспертиза дайындалганы айтылды.
Иликтөө Жоруктар кодексинин 121-беренесинин ("Эл жашаган аймакта ок чыгаруу") негизинде уланып жатканын кошумча кабарлашты.