Бишкекте арзан көмүр кайра сатыла баштады. Бирок бир шарты бар

3 000 сомдон көмүр алгысы келгендер аны дароо ала албай турганы маалым болду. Алгач тизмеге жазылып, кезеги качан келерин көзөмөлдөп турушу шарт.
Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Бишкектеги арзан баада көмүр саткан кампаларга кайрадан көмүр түшүп, элге таратыла баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.
1 / 2
Бишкектеги арзан баада көмүр саткан кампаларга кайрадан көмүр түшүп, элге таратыла баштады
2 / 2
Буга чейин аталган базаларда көмүр калбай калганы айтылган. "Кыргыз көмүр" ишканасы кечээ кампага 300дөн ашык тонна түшүрүлүп, жолдо дагы 707 тонна келе жатканын билдирген
Буга чейин аталган базаларда көмүр калбай калганы айтылган. "Кыргыз көмүр" ишканасы кечээ кампага 300дөн ашык тонна түшүрүлүп, жолдо дагы 707 тонна келе жатканын билдирген.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы бүгүн Мурманская,1Б/1 көчөсүндө жайгашкан базага барып, кезекке тургандар, кампа кызматкерлери менен сүйлөштү. Аталган кампада иштегендердин айтымында, азыр бул базада 900дөн ашык тонна кара алтын бар. Анын бир бөлүгү арзан көмүр саткан экинчи базага (Дэн Сяопин, 306/2а) ташылып кетип жатканы белгилүү болду.
"Көмүр элге сатыла баштады. Бирок муну бүгүн келип тизмеге жазылгандар эмес, алгач 17-20-ноябрда кезекке тургандар алышат. Анткени анда көмүр бат эле түгөнүп калган. Бир күндө кезекке 1 500гө чукул адам туруп, түзүлгөн тизмеге жазылууда. Анын баарына көмүр жетпей, улам келгенин чекесинен берип жатабыз. Бүгүн кезекке туруп жазылгандар арзан көмүрдү болжол менен 10 күндө алып калышат", — деди кампа кызматкери.
Ош шаарында дагы көмүр 3 миң сомдон сатыла баштады. Даректери
Эртең мененки саат 8:30дар чамасында кампа алдына 20дай адам чогулуп тизме түзгүлгөн. Аларга улам келгени кошулуп жазылып жатышты.
Эске салсак, бир тоннасы 3 000 сомдук көмүр президент Садыр Жапаровдун убадасынан кийин Бишкекте 16-ноябрдан тарта сатыла баштаган. Бирок арзан көмүр бериле баштаган күнү эле эл узун кезекке туруп, айрымдар гана аны сатып алганга жетишкен.
"Кыргыз көмүр" ишканасы Кара-Кечеде көмүр жетиштүү экенин айтып, күнү-түнү кара алтын ташылып жатканын билдирди.